• ОТДЕЛЕНИЕ
  • Отделение повышения и переквалификации преподавателей

Отделение повышения и переквалификации преподавателей

Обтекание

Лейтенант Бокатуев

УМУРБЕКОВА ТОКТАЙЫМ АКАЕВНА

ИПКнын окутуучулардын билимин өркүндөтүү жана кайра даярдоо бөлүмү 2020-жылдын сентябрь айында АӨБнын “Секторду өнүктүрүү: Инклюзивдик билим берүү” долбоорунун алкагында уюшулган. Бөлүмдү п.и.к., доцент Т.А.Умурбекова жетектейт.

      Аталган бөлүм Алдынкы тажрыйба борбору (АТБ) катары үч багытта иш алып барат: адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана билимин өркүндөтүү. АТБнын стратегиялык планындагы 7-аспектинин негизги максатын ишке ашырат: – КРнын түштүк аймагындагы башталгыч жана орто кесиптик окуу жайлардын инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү болуп саналат.

      Бул багытта ИПК (АТБ) башталгыч жана орто кесиптик окуу жайларда окутуучуларды кайра даярдоонун 900 сааттык эксперименталдык окуу планы (окуу программасы) иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө Ош, Баткен областтарындагы лицей/колледждер менен иш алып барат. Азыркы учурда 1 группа угуучулар окуусун аяктады, 2-3-группа окууну улантууда. Угуучулардын негизги курамын Оштогу техникалык, медициналык, педагогикалык колледж/лицейлердин окутуучулары түзөт. Мындан сырткары жалпы билим берүүчү мектептердин өкүлөрү да бар.

      Окутуучулардын адистик боюнча кесиптик билимин өркүндөтүү багытында да системалуу иш алып барылат. Долбоордо приоритеттүү багыт катары тандалып алынган КМТШИ жана ПОВТАС адистиктеринде сабак берген окутуучулар 2018-жылдан бери 72 сааттык бир нече курстан өтүшүп, студенттер менен ийгиликтүү иш алып барууда.

Алар төмөнкүлөр:

- Эмгек рыногун талдоо методологиясы;

- АТББ системасындагы социалдык инклюзия жана гендердик теңдик;

- Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаны методдору;

- Окутуучулардын окутуудагы зарылдыгын талдоо;

- Окутуудагы компетенттүүлүк мамилени ишке ашыруунун технологиялары жана ыкмалары;

- Дидактика жана окутуунун технологиялары;

- Окуучуларды жумушчу орунда окутуу;

Повтас адистигинде сабак берген окутуучулардын кесиптик билимин өркүндөтүү;

- Компетенттүүлүккө негизделген билим берүү жана окутуу (кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу ыкмалары);

- Ишкердик ишмердүүлүктүн негиздери;

- КМТШИ адистигинде сабак берген окутуучулардын кесиптик билимин өркүндөтүү; ж.б.

      Аталган долбоордун 7-аспектин турмушка ашырууда АӨБнын колдоосу менен атайын адистер тарабынан кеп кенештер, тегерек столдор, жолугушуулар, стажировкалар уюштурулуп турат.

1. Умурбекова Т.А. – Жетекчи

2. Тумонбаева Г.Б.

3. Жарматова М.

4. Кожоева К.

5. Сумайманов З.

6. Дженишбекова А.

7. Абдумалик к Н.