Конференции, тренинги, семинары, встречи

ОшМУнун индустриалдык- педагогикалык колледжинде (ИПК) Ош областындагы кесиптик лицейлердин окутуучулары үчүн "Повтас" (ИКТ) программасы боюнча 72сааттык билимди өркүндөтүү курсу башталды. Курс Азия Өнүктүрүү Банкынын (АБР) "Секторду өнүктүрүү: Инклюзивдик билим берүү" долбоорунун алкагында уюштурулган.



12-апрелде ИПКда "Көп тилдүү билим берүү" долбоорунун алкагында окутуучулар CLIL технологияларын колдонуу менен ачык сабактарды өтүүдө. Ачык сабактарга КРнын РИПКнын башкы адиси, CLIL технологиясы боюнча эксперт А.Оморова жана ИПКнын окутуучулары катышууда. Максаты: окуучулардын тил билүү денгээлин жогорулатуунун методикасын үйрөнүү.


Ош областындагы лицей жана колледждердин 12 окутуучусу "Ишмердиктин негиздери" сабагын окутуу боюнча кесиптик билимди өркүндөтүү курсун (24 саат) окуду. Аталган курс АБРдин "Секторду өнүктүрүү: инклюзивдик билим берүү" долбоорунун алкгында, ИПКнын директору О.Шаимкуловдун демилгеси менен уюштурулду.