2026-05-10 17:39:33 2
2026-жылдын май айында Мурас инновациялык колледжинин күнүнө карата Ош шаарындагы колледждер арасында өткөрүлгөн II олимпиада ийгиликтүү жыйынтыкталды. Олимпиада «Эне тили» жана «Родной язык» предметтери боюнча уюштурулуп, студенттер өз билимдерин жана жөндөмдөрүн мыкты деңгээлде көрсөтө алышты. Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик жана эне тилге болгон кызыгууну арттыруу, студенттердин интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү жана колледждер аралык достук байланышты чыңдоо болду. Олимпиада жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар активдүүлүк менен катышышты. «Эне тили» предмети боюнча жыйынтыктар: 1-орун — Ош КУ 2-орун — «Мурас» колледжи 3-орун — «Мурас» колледжи 4-орун — ИПКнын студенти Сарабекова Толгонай «Родной язык» предмети боюнча жыйынтыктар: 1-орун — Ош мамлекеттик педагогикалык институту (ОГПИ) 2-орун — ИПКнын студенти Мурадбекова Гүлчехра (КР9-1-24 агымы) 3-орун — ИПКнын студенти Исмаилова Тахмина (КР9-2-24 агымы) Жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Олимпиада студенттердин билимге болгон умтулуусун арттырып, эне тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө чоң салым кошту.