2026-05-10 17:05:13 4
ИПКнын окутуучусу Акишова Гүлзина Толоновна эл аралык билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо жана тажрыйба алмашуу максатында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы ZARMED университети тарабынан уюштурулган «Жасалма интеллект жана санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн келечеги» аталышындагы эл аралык конференцияга катышты. Ошондой эле 2026-жылдын 16–18-апрель күндөрү өткөрүлгөн академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында чет өлкөлүк өнөктөш окуу жайлардын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашып, билим берүү тармагындагы заманбап багыттар боюнча пикир алышуу жүргүзүлдү. Аталган иш-чара эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, илимий-академиялык байланыштарды бекемдөөгө жана санариптик билим берүү жаатындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү өздөштүрүүгө өбөлгө түздү.