23- апрель куну Индустриалдык - педагогикалык колледжге Өзбек республикасынын Фергана университетинин педагогика, психология жана искусство институ

2026-04-30 08:53:29 22

23- апрель куну Индустриалдык - педагогикалык колледжге Өзбек республикасынын Фергана университетинин педагогика, психология жана искусство институнун “Жаш драматургдар” деп аталган студент-таланттары келип өзбек драматургу Насирилло Камиловдун “Тода” (Үйүр) аттуу жаштарга арналган музыкалык-спектаклин коюп беришти. Бул иш- чараны колледжибиздин директору М.Э.Манашов ачып берди. Ошондой эле Өзбек республикасынын Оштогу элчилигинин өкүлү жана чакырылган коноктор сөз сүйлөштү. Бул спектаклдин мазмунунда азыркы замандын чумасы болгон наркоманияга каршы олуттуу маселе каралган. Анда жаштардын бангиликке берилип, андан чыга албай өз өмүрлөрүн жок кылуусу, сүйүү менен бангиликтин ортосунда жол таппай адашкан жаштардын проблемасы козголгон. Ошондой эле жаштар арасында «идеологиялык иммунитетти» калыптандырууга жана ааламдашуу шартында социалдык терс көрүнүштөргө адабият менен искусствонун потенциалы аркылуу каршы турууга көмөктөшүү. Каармандардын образдарын аткарган жаш таланттар тажрыйбалуу актер, актрисалардай образдарды туура ачып көргөзө алышты. Көрүүчү жаштар бул спектаклден турмуштук сабак ала алышты деп ынандык. Акырында спектакль туураалуу ой- пикирлер талкууланды. Спектаклди койгон режисссер Фергана Университетинин улук окутуучусу Ачилдиева Муяссархон эжеке өзүнүн чеберчилигин жогорку деңгээлде тастыктады. Колледждин жамааты, студенттер ыраазычылык билдиришти. Эки элдин ортосундагы Достук мамиле дайыма болсун. Бул достук чыгармачылык иш чараны А. Навои атындагы Өзбек тили, адабияты жана маданияты борбору, ИПК нын педагогикалык-психологиялык дисциплиналар жана соц.иштер ПЦКсынын окутуучулары уюштурду.