23-апрелде Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде академиялык мобилдүүлүк боюнча Табигый дисциплиналар циклдык комиссиясында конок лекциялар уюштурулду.

2026-04-30 08:47:26 18

Бүгүн, 23-апрелде Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде академиялык мобилдүүлүк боюнча Табигый дисциплиналар циклдык комиссиясында конок лекциялар уюштурулду. Кызыл-Кыя Тоо-техникалык инновациялык жана экономикалык колледжинен келген тажрыйбалуу окутуучулар төмөнкү актуалдуу темаларда мазмундуу баяндамаларды жасашты: У. А. Тойгонбаева: “Азыркы күндөгү химиянын экологиядагы мааниси”; Г. М. Доолатова: “Кыргызстандын географиясы сабагынын адистиктер менен байланышы”; Э. Каипова жана Э. Т. Далибаева: “Тарыхты таануу — келечектин ачкычы”. Иш-чаранын соңунда келген коноктор ИПК жамаатынын жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирип, студенттердин билим деңгээлине жана активдүүлүгүнө жогору баа беришти.