2026-04-30 08:44:15 23
Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин кесиптик дисциплиналардын предметтик циклдык комиссиясынын төрагасы К.А. Шакировдун жетекчилигинде окутуучулар Г.Самидинова, Б. Садирдинов, Жээналы у. Жанжигит, Режеп кызы Перизат жана студенттер Э. Беделов, А. Акматовалар Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы төмөндөгү: 1. Баки Эшмамбетов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемеси; 2. Эргеш Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемеси; 3. Орозали Сайдилканов автордук жалпы билим берүү мектеби мекемеси; 4. Шарип Жээнбеков атындагы жатак-мектебине кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп келишти.