10-апрель күнү Ош шаарындагы №24 М. Фрунзе атындагы орто мектебинде Индустриалдык-педагогикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги

2026-04-14 04:52:53 44

10-апрель күнү Ош шаарындагы №24 М. Фрунзе атындагы орто мектебинде Индустриалдык-педагогикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин КТБ9-1-23 жана КР9-123(э) тайпаларынын студент-практиканттары мамлекеттик практиканы өтөө учурунда көркөм өнөр сабагы боюнча иш-чара өткөрүштү. Аталган иш-чара 12-апрель — Космонавтика күнүнүн 65 жылдык мааракесине арналды. Анын алкагында башталгыч класстардын окуучуларынын арасында көргөзмө-конкурс уюштурулуп, окуучулар өздөрүнүн чыгармачылык иштерин тартуулашты. Конкурска окуучулар активдүү катышты, жыйынтыгында: 1. 3-класс Дүйшөнбаева Раяна – I-орун; 2. 3-класс Атаханова Фатима – II-орун; 3. 2-класс Хамидуллаева Мухаммадумар – II-орун; 4. 1-класс Абдусаматов Ильгиз – III-орун; 5. 4-класс Абдуманаппов Абубакир – III-орунду ээлеп, мактоо баракчалары менен сыйланышты. Иш-чараны уюштурууга мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нышанова Жаңылай Адышовна, башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы Нишанова Бахтихон Махмуджановна, ИПКнын методисттери Шакиров К. А., Самидинова Г.жана практикант- студенттер активдүү катышты. . 10 апреля в средней школе №24 имени М. Фрунзе города Ош студенты-практиканты Индустриально-педагогического колледжа по специальности «Обучение в начальных классах» (группы КТБ9-1-23 и КР9-123(э)) в период прохождения государственной практики провели мероприятие по предмету «Изобразительное искусство». Данное мероприятие было посвящено 65-летнему юбилею 12 апреля — Дня космонавтики. В его рамках среди учащихся начальных классов был организован выставочный конкурс, где ученики представили свои творческие работы. Учащиеся приняли активное участие в конкурсе. По итогам: 1. 3- класс — Дуйшонбаева Раяна — I место; 2. 3- класс — Атаханова Фатима — II место; 3. 2- класс — Хамидуллаева Мухаммадумар — II место; 4. 1- класс — Абдусаматов Ильгиз — III место; 5. 4 - класс — Абдуманаппов Абубакир — III место. Победители были награждены почётными грамотами. В организации мероприятия активное участие приняли заместитель директора школы по воспитательной работе Нышанова Жаңылай Адышовна, заведующая учебной частью начальных классов Нишанова Бахтихон Махмуджановна, методисты ИПК Шакиров К. А., Самидинова Г., а также студенты-практиканты.