Салт менен сабак – сапаттуу билимдин негизи

2026-04-07 06:59:30 29

12-март күнү Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Аскарова Алия Жеңишовна КК9-7-23(э) тайпасына “Балдар фольклорундагы бешик ыры, оюн ыры, эмгек ыры” темасында ачык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө студенттерге кыргыз балдар фольклорунун түрлөрү, алардын тарбиялык жана эстетикалык мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди. Окутуучу теманы түшүндүрүүдө интерактивдүү ыкмаларды, топтук иштерди жана чыгармачыл тапшырмаларды колдонуп, студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттырды.