Тажрыйба алмашуу – кесипкөйлүктүн ачкычы

2026-04-07 06:41:11 35

ОшМУнун окутуучулары Өзбекстандын Термез мамлекеттик университетинде тажрыйба алмашты. ​Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары эл аралык кызматташтыктын алкагында Өзбекстан Республикасынын Термез мамлекеттик университетинин Өзбек филологиясы факультетинин жана Термез мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенттери үчүн атайын конок-лекция жана семинар-тренингдерди өткөрүп келишти. ​Билим берүүдөгү интеграцияны бекемдөө жана тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган бул иш-чарада ОшМУнун окутуучулары заманбап педагогикалык технологиялар жана тил, адабият сабактарын окутуу жана билим берүүдөгү актуалдуу маселелер боюнча баяндама жасашты. ​Иш-чаранын негизги багыттары: ​Термез мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенттери үчүн ИПКнын филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары Темирова Нурила Мусурмановна жана Коңурбай кызы Канымбү тарабынан конок-лекция жана мастер-класстар өтүлдү. ​Иш-чаранын соңунда Термез мамлекеттик университетинин Өзбек филологиясы факультетинин деканы, доцент Абдулла Худокулов ОшМУнун окутуучуларына жогорку деңгээлдеги мазмундуу сабактары үчүн ыраазычылык билдирип, атайын сертификаттарды тапшырды. ​Бул сапар эки университеттин ортосундагы илимий-педагогикалык байланыштарды чыңдоо менен бирге, окутуучулардын эл аралык деңгээлде тажрыйба арттыруусуна чоң өбөлгө болду. ОшМУ ар дайым кошуна мамлекеттердин алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты кеңейтүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өзгөчө маани берип келет.