2026-04-03 16:49:04 116
2026-жылдын 3-апрелинде Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын окумуштууларынын катышуусунда «Глобалдашуу шартында Фергана өрөөнүнүн тарыхый, философиялык, тилдик жана этномаданий өзгөчөлүктөрүнүн актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чара «Фергана — улуттар аралык биримдиктин, ынтымактын жана достуктун өрөөнү» деген ураан алдында уюштурулду. Конференция Фергана өрөөнүндө маданияттар аралык өз ара аракеттенүүнүн, тарыхый-маданий мурастарды сактоонун жана азыркы глобалдашуу шартында улуттар аралык ынтымакты чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулоого арналган маанилүү илимий аянтча болуп кызмат кылды. Конференциянын жүрүшүндө тарых, философия, тил илими жана этномаданият багыттарындагы кеңири илимий изилдөөлөрдү камтыган баяндамалар сунушталды. Конференцияны уюштурууда жана өткөрүүдө индустриалдык-педагогикалык колледждин окутуучулары активдүү катышышты: доценттер Г.А. Анарбаева, Г.Б. Тумонбаева, ошондой эле окутуучулар Г.К. Самидинова, К.А. Ормоналиев, М.А. Жумаев, А.Ж. Абдалимова, У. Аматова. Алардын салымы иш-чаранын жогорку илимий-уюштуруучулук деңгээлде өтүшүнө өбөлгө түздү. Бул конференциянын өткөрүлүшү эл аралык илимий кызматташтыктын маанисин дагы бир жолу тастыктап, Борбор Азия өлкөлөрүнүн окумуштууларынын ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоого чоң салым кошту.