КИБЕРСПОРТ боюнча таймаш уюштурулуп өткөрүлдү

2026-04-02 14:39:02 70

Индустриалдык-педагогикалык колледжинде ПОВТАС адистигинин студенттери арасында киберспорт боюнча таймаш уюштурулуп өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын негизги максаты — студенттердин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, логикалык ой жүгүртүүсүн жана ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмүн өркүндөтүү, ошондой эле командалык иштөөнү бекемдөө болуп саналат. Таймаш заманбап талаптарга ылайык уюштурулуп, студенттер өздөрүнүн оюн чеберчилигин, стратегиялык ой жүгүртүүсүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алышты. Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар жогорку активдүүлүктү жана кызыгууну көрсөтүп, ар бир команда жеңишке болгон умтулуусун айкын далилдеди. Таймаш достук жана адилет атаандаштык шартында өтүп, студенттер үчүн баалуу тажрыйба болду. Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен командалар аныкталып, жеңүүчүлөр тиешелүү сыйлыктар менен сыйланышты.