УҢГУЖОЛ-УРПАКТАРГА УЛАНАТ

2026-03-31 10:02:37 50

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аттуу уңгу жол жарлыгынын негизинде, ИПКда Нооруз майрамына карата уюштурулган “Этно жумалыктын” алкагында улуттук мурастарды даңазалоо максатында өзгөчө саамалык өткөрүлдү. Филологиялык дисциплиналар циклынын комиссиясы тарабынан “Уңгужол – урпактарга уланат” аталышында этно жүрүш жана фото сессия уюштурулуп, анда окутуучулар улуттук кийимдерди кийип, каада-салттарды, үрп-адаттарды даңазалашты. Иш-чара жаш муундарга улуттук баалуулуктарды жайылтуу, маданий мурастарды сактоо жана аны кийинки муундарга өткөрүп берүү максатын көздөдү. Бул этно жүрүш катышуучуларга көтөрүңкү маанай тартуулап, улуттук аң-сезимди бекемдөөгө чоң салым кошту.