“Нооруз менен жаңы ийгиликтерге!”

2026-03-23 04:09:25 42

2026-жылдын 20-мартында Ош мамлекеттик университети тарабынан Нооруз майрамына карата окутуучулар арасында салттуу спорттук-маданий иш-чара уюштурулду. Бул саамалык улуттук баалуулуктарды даңазалоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана жамааттар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатын көздөдү. Иш-чаранын алкагында аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу улуттук спорт түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, катышуучулар өздөрүнүн шамдагайлыгын, күчүн жана командалык биримдигин көрсөтө алышты. Мелдештин жыйынтыгында ИПКнын эжекелер командасы (Жаңылмырза, Бермет, Акмарал, Гүлзада) аркан тартыш боюнча жогорку чеберчилигин көрсөтүп, 1-орунду багындырды. Бул жеңиш алардын ынтымагын, кайраттуулугун жана биримдигин айкын далилдеди. Мындан тышкары, жеке көрсөткүчтөр да өзгөчө белгиленди. Кол күрөш боюнча: Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Садык кызы Жаңылмырза 2-орунду ээледи; Кесиптик дисциплиналар циклынын өкүлү Садридинов Болот 3-орунга татыктуу болду. Бул жетишкендиктер ИПК жамаатынын активдүүлүгүн, спортко болгон кызыгуусун жана ар тараптуу өнүгүүгө умтулуусун көрсөтөт. Жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз! Мындай иш-чаралар жамааттын ынтымагын бекемдеп, улуттук салттарды даңазалоодо өзгөчө мааниге ээ.