17.02.2026-жыл мөөнөтүндө ОшМУнун ЭАББП колледжинде КИ жана АЧДББ ПЦКсынын окутуучулары тарабынан 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата “Карегимде Мекен чеги” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

2026-02-18 04:31:36 18

17.02.2026-жыл мөөнөтүндө ОшМУнун ЭАББП колледжинде КИ жана АЧДББ ПЦКсынын окутуучулары тарабынан 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата “Карегимде Мекен чеги” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада КР КМ ТБРЫКБ орун басары подполковник Тулкубаев Ж.М., Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери полковник Жабыев А., Ооган ардагерлери Ош шаарынын Ооганстандагы аскер кызмат ардагерлердин төрагасы камдагы полковник Эралиев К.Т., жана орун басары камдагы офицер Тойчубаев К., ошондой эле Мамлекеттик Чек ара кызматынын ардагерлери камдагы полковник Темирбаев А., офицерлери Тагаев Б., Умаров И., сөз берилген учурда баштарынан өткөргөн окуяларды баяндап берүү менен жаштарды Мекенди сүйүүгө жана коргоого чакырышты. Студенттер тарабынын “Эки доордун эр жүрөк каармандары”, “Ысакбек Монуев кыргыздын алгачкы генералы”, ж.б темалардагы кызыктуу докладдар жасалды. КИ жана АЧДББ ПЦКсынын окутуучусу Төлөбаев П.А., “Эр жигит эл четинде -жоо бетинде”, Солтоев З.А., “Кыргыздар кылым карыткан эл” деген темадагы баяндамалары менен чыгышты. КИ жана АЧДББ ПЦКсынын окутуучулары- Абдибаитов М.Т., Жоробаев Б.Ш., Бакиров К.Ш., Садыкова М.Т., Ормонова А.Т., Ормоналиев К.О., Абдрахманова А.А. жаштарды патриоттуулукка үндөө менен иш-чаранын маани-маңызын ачып беришти. Талкуу учурунда студенттер тарабынан кызыктуу суроолор берилди. Иш-чаранын жыйынтыгында КИ жана АЧДББ ПЦКсынын окутуучулары- Абдибаитов М.Т., Жоробаев Б.Ш., Бакиров К.Ш., Солтоев З.А., Баткен-согушунун ардагерлер кеңешинин “Жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого кошкон салымы үчүн” медалы менен келген коноктор, активдүү студенттер ыраазычылык каттар жана грамоталар менен сыйланышты. Иш-чаранынын жыйынтыгында Талкуу учурунда студенттер тарабынан кызыктуу суроолор берилди. Жыйынтыгында Мекенди коргоочулар күнүнө карата өткөрүлгөн “Карегимде Мекен чеги” иш-чарасы өз максатына жетти. Мындай иш-чаралар жаш муундарды тарыхты билүүгө, мекенчилдикке, тынчтыктын баасын түшүнүүгө тарбиялай тургандыгын баса белгилөө менен жыйынтыкталды.