Тренинг «Мурда алынган билимдерди таануу (RPL) жана компетенцияларды баалоо» темасында өттү

2026-02-09 09:50:55 15

ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык педагогикалык колледжинин окутуучулары Батырова Зарифа Момуновна, Молдокулова Элина Ашимбековна жана Калысбек к. Айжамал, 2026-жылдын 5–6-февралында Ош шаарында өткөн 12 сааттык окуу-тренингине катышып, ийгиликтүу аякташты. Тренинг «Мурда алынган билимдерди таануу (RPL) жана компетенцияларды баалоо» темасында өтүп, тренерлерди даярдоо программасынын алкагында уюштурулду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификация жана валидация борбору тарабынан CHEBER Skills Development долбоору жана HELVETAS Kyrgyzstan уюмунун колдоосу менен өткөрүлүп, катышуучулардын кесиптик компетенцияларын жогорулатууга багытталды.