2025-12-25 10:40:16 182
2025-жылдын 23-декабрында Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун Тегерек залында «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын тили жана көркөм сүрөттөө чеберчилиги» аттуу студенттердин III эл аралык илимий семинары болуп өттү. Илимий семинарга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери менен катар Өзбекстан Республикасынын Ташкент, Наманган жана Андижан шаарларындагы жогорку окуу жайлардын студенттери да катышып, иш-чаранын эл аралык деңгээлде өтүшүнө өз салымдарын кошушту. Семинардын алкагында уюштурулган «Тарых жана Айтматов: Кыргыз коомунун тарыхый өнүгүүсү Айтматовдун көркөм дүйнөсүндө» аттуу илимий секция т.и.к., доцент Г.А. Анарбаева, соц.и.к., доцент Г.Б. Тумонбаева жана илимий-техникалык катчы, окутуучу А.Ж. Абдалимованын модераторлугу астында жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Секциянын жүрүшүндө тарых менен адабияттын өз ара байланышы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы тарыхый окуялардын, коомдук өзгөрүүлөрдүн жана улуттук баалуулуктардын көркөм чагылдырылышы боюнча мазмундуу баяндамалар угулуп, кеңири илимий талкуулар жүргүзүлдү. Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары Н.К. Токторова жана М.М. Мамитовалардын жетекчилиги алдында даярдалган студенттердин баяндамалары жогорку баага татып, активдүү катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучуларынын жетекчилиги алдында даярдалган студенттер да семинарда ийгиликтүү илимий баяндамаларын сунушташты. Атап айтканда, филология илимдеринин кандидаты, доцент Д.А. Ызабекованын жетекчилиги алдында Пусурманкулова Арзыгүл, А.О. Абышеванын жетекчилиги алдында Тиленбаева Бермет жана Садык кызы Жаңылмырзанын жетекчилиги алдында Сарабекова Толгонай өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн тааныштырып, катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Илимий семинар студенттер үчүн тажрыйба алмашуунун, илимий изденүүнү өнүктүрүүнүн жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү калыптандыруунун маанилүү аянтчасы болду. Иш-чара жаш изилдөөчүлөрдүн адабият менен тарыхты айкалыштырып талдоо жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жаңы көз караш менен изилдөөгө өбөлгө түздү.