2025-12-18 09:05:27 47
13-декабрь 2025ж.күнү ИПКда “Ишкердүүлүктүн негиздери” предметинин алкагында түзүлгөн Бизнес клубдун түзүлгөн иш планынын графигине ылайык кружоктун студенттери үчүн “Салык сабаттуулугу – туруктуу бизнестин кепилдиги” деген темада семинар уюштурулду. Семинардын коногу, лектор – салык кызматынын 2рангдагы кенешчиси, салык кызматкери жана кесиптешибиз Абдырай уулу Асилбек болду. Лектор-кесиптешибиз өзүнүн салыктын түрлөрү, ишкердүүлүктүн формалары, аларды кантип ачылышын, салыкты кандай тартипте төлөө жолдору боюнча маалымат менен бөлүшүштү. Семинар студенттер тарабынан кызыккан суроолор менен коштолду. Өзүнүн убактысын бизге бөлүп, баалуу билим тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттерди салык маелеси боюнча сабаттуу болушуна салым кошкондугу үчүн тренер, салык кызматынын 2-рангадагы кенешчиси,окутуучу Абдырай уулу Асилбек агайга ИПКнын атынан ыраазычылык билдиребиз жана үй бүлөлүк бакубатчылык жана иштерине ийгиликтерди каалайбыз.