2025-11-12 03:56:34 4
2025- жылдын 11- ноябрында ИПКда аталган колледждин Аялдар кеңешинин төрайымы Н. Ташболотова жана ЭББПКнын Аялдар кеңешинин төрайымы Г. К. Борубекова менен кыздар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан "Салабаттуу жүрүм- турум- кыз баланын абийирдүү миссиясы" деген темада студент кыздар менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууга Ош шаарындагы Адам репродуктивдик борборунун акушер- гинеколог дарыгери Султаналиева Айгерим жана Дүйшөбай кызы Жайнагүлдөр келишип, кыздар менен кызыктуу жолугушуу өткөрүп беришти. Жолугушууда кыздардын ички гигиенасы, кыздардын репродуктивдик органдары, аларга кам көрүү жөнүндө пайдалуу маалыматтар айтылды. Индустриалдык- педагогикалык колледжинин аялдар кеңешинин төрайымы Н. Ташболотова тарабынан колледждин ички тартибин сактоо, колледждин ичинде өзүн- өзү алып жүрүүсү, билимге болгон умтулуусу жөнүндө жакшы кеп- кеңештер айтылды.