ОшМУ, ИПК, Алдынкы тажрыйба борбору

2025-09-06 10:04:36 25

ОшМУ, ИПК, Алдынкы тажрыйба борбору. 2025-ж. 6-сентябрь. Бүгүн ИПКнын окутуучулардын билимин өркүндөтүү жана кайра даярдоо бөлүмүндө "Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү тармагында педагог" курсунун бүтүрүүчүлөрүнө квалификациялык сертификат тапшыруу аземи болду. Угуучулар кайра даярдоо курсунун максаттуу, мазмундуу, кызыктуу өтүлгөндүгүн, бүгүнкү күндө өзгөчө зарыл экендигин, тренерлердин кесипкөйлүгүн баса белгилешти. Сертификат тапшыруу аземине колледждин директору, доцент М.Э.Манашов, бөлүм башчы, доцент Т.А.Умурбекова, окуу иштери боюнча директордун орун басары Э.Т.Мамаев катышты.