2025-03-19 06:04:32 57
«Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо» адистиги боюнча мамлекеттик билим берүү стандарты талкууланды 2025-жылдын 19-мартында «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо» адистиги боюнча орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты талкууланды. Иш-чарага иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр, окутуучулар жана жумушчу топтун мүчөлөрү катышып, окуу программасынын мазмунун өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын беришти. Талкууда адистиктин эмгек рыногунун талабына шайкештиги, бүтүрүүчүлөрдүн компетенциялары, практикалык даярдыгы жана жаңы технологияларды өздөштүрүү деңгээли сыяктуу маанилүү маселелер каралды. Бул талкуу кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталды. Талкуунун жыйынтыгында адистик боюнча окуу программасын жакшыртуу жана жаңыртуу боюнча конкреттүү сунуштар иштелип чыкты.