«ОшМУ мырзасы-2024» сынагында ИПКнын студенти Гран принин ээси болду

2024-02-29 10:10:55 44

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине жана Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата «ОшМУ мырзасы-2024» сынагы 22-февралда «Кыргызстан» кинотеатрында болуп өттү. Сынактын шарттарына ылайык университеттин факультеттеринен, колледждеринен мыкты деп тандалып алынган 13 мырза 4 турда өз чыгармачылыктарын тартуулашты. Жыйынтыгында Индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенти Нурсултан Эркебаев «ОшМУ мырзасы-2024» номинациясына ээ болсо, Тарых жана социалдык иштер факультетинин студенти Абдырахман Алимов 1-орунду, Медициналык колледждин студенти Манас Анарбеков 2-орунду, Искусство факультетинин студенти Сайфидин Шайирбеков 3-орунду ээледи. Сынакта «ОшМУ мырзасы-2024» номинациясын, баш байгени жеңип алган жеңүүчүгө 20 000 сом акчалай сыйлык, диплом, сертификаттар таршырылды. Сынакта байгелүү орундарга ээ болгондорго жана номинация ээлерине окуу жай тарабынан акчалай сыйлыктар, дипломдор, белектер берилди.