STEM – БИЛИМ БЕРҮҮ

2023-09-16 03:22:38 105

МДЦКнын окутуучусу STEM билим беруу боюнча тренери Байыева Клара STEM билим берүү боюнча семинар өттү.STEM билим берүү деген эмне? STEM – БИЛИМ БЕРҮҮ – ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖОЛУ STEM – (science, technology, engineering and mathematics) деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. STEM билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасы түзөт (балдарды бир сабактын чегинде чектебестен, комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт). STEM билим берүүнүн өзгөчөлүгү — бул технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү болуп саналат. STEM билим берүүнүн максаты — балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет. STEM билим берүүнүн натыйжалары: — чыгармачыл ой жүгүртүүнүн түрүн өнүктүрүү; — балдар өзүлөрүнүн сүйүктүү иш-аракетин аң-сезимдүү тандап алуусуна шарт түзүү; — коомдо ар тараптуу билим, хобби ж.б. ээ болгон жаңы муундун калыптанышы.