КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АКЫНЫ ИПКДА

2023-06-07 04:48:40 93

ОшМУнун индустриалдык- педагогикалык колледжинде Кыргыз Республикасынын Эл акыны, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кинодокументалист, драматург, журналист, белгилүү коомдук ишмер Тазагүл Закированын “Адамдыктын туу чокусу адамда” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Иш-чарага ИПКнын жалпы жамааты жана ыр күйөрмандары катышты. Кечени ИПКнын директору Олжобай Шаимкулов өзү алып барды жана Тазагүл Закированын көп кырдуу талантына токтолуп, 75 жаш кутман курагы менен куттуктады. Кечеде "Дил азык" ийриминин студенттери тарабынан театры сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулады, акындын чыгармаларынан көркөм окушту. Акындын белгилүү обондуу ырлары жаңырды. Жагымдуу нотада иш-чара жыйынтыкталды.