Кесиптер фестивалы-2023

2023-05-18 18:06:47 85

2023-жылдын 16-май күнү Ош шаарындагы Токтогул эс алуу паркында индустриалдык-педагогикалык колледж тарабынан “КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ” аттуу иш чара уюштурулуп, өткөзүлдү. Ага мектептердеги бүтүрүүчү класстын окуучулары жана кесиптик лицейлердин студенттери катышып, колледждеги 8 адистиктер жөнүндө маалыматка ээ болушту. Ал катышуучулар үчүн концерттик программа тартууланып, адистиктер боюнча көргөзмөлөр көрсөтүлдү.