БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТҮШТҮ

2023-05-01 17:09:30 100

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин 5 билим берүү программасы аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Башталгыч класстарда окутуу, Мектепке чейин билим берүү, Дене тарбия, Дизайн, Социалдык иш адистиктери билим берүү чөйрөсүндөгү сапаттын кепилдиги боюнча "Ednet" агенттиги тарабынан жүргүзүлгөн аккредитациянын талаптарын өз деңгээлинде аткарышып, өздүк отчетторун тапшырышты.Дем алыш, майрам күн дебей, күнү-түнү иштеп, өздүк отчетту жазууда, агенттик тарабынан талап кылынган тийиштүү документтерди даярдоодо, аккредитация учурунда ачык сабактарды өтүп, бардык иштерге жакындан жардам көрсөткөн бардык окутуучуларга, студенттерге ыраазычылык билдиребиз!