АК ЭМГЕКТЕН АЛГАН СЫЙЛЫК КУТ БОЛСУН!

2023-04-19 09:51:48 87

Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык- педагогикалык колледждин окутуучулары Нурзида Турапбай кызы жана Жарматова Мукаддас Айтматовна Ош шаарынын ар тараптан өнүгүүсү үчүн жасалган өзгөчө кызматы жана коомдук, саясий иш-чараларды өткөрүүдөгү жигердүү салымдары үчүн, 8- март - Эл аралык аялдардын күнүнө карата Ош шаардык кеңешинин АРДАК ГРАМОТАСЫ менен сыйланат жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкондугу үчүн «Ыйык тил» төш белгиси менен филологиялык дисциплиналар циклынын окутуучусу Садык кызы Жанылмырза сыйланды. Сыйлык ээлерин алган сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!