Жумуш берүүчүлөр менен биргеликте эки тараптуу меморандумга кол коюлду.

2023-04-15 16:36:11 192

15.04.2023. Меморандум. Бүгүн, Индустриалдык-педагогикалык колледждин гуманитардык-педагогикалык бөлүмдөгү “Башталгыч класстарда окутуу”, “Мектепке чейинки билим берүү”, “Дене тарбия” адистиктеринин негизги кесиптик билим берүү программалары жумуш берүүчүлөр менен бирдикте талкууланып, алардын түрдүү сунуштары, ой-пикирлери кабыл алынды. Талкуудан соң жаңыдан кызматташууну баштаган билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен официалдуу эки тараптуу келишим түзүлүп, меморандумга кол коюлду.