ИПКнын окутуучулары USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунда

2023-04-04 18:11:21 76

МДЦКнын окутуучулары доцент Байгазиев Кадырберди, Кутпидин уулу Эгемназар, Молдомырзаева Майрам, Аракеева Анара, Байыева Клара USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунда тренер болуп 2023-жылдын 18-25 мартында математиканы окутууда базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган башталгыч класс мугалимдери үчүн кезектеги 3-күндүк тренинг өткөрүштү. Бул тренингдер КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту бекиткен 144-сааттык башталгыч класстардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасынын алкагында өткөрүлүп жатат.