Cтуденттик кеңеш тарабынан уюштурулган ОшМУдагы "Ден-соолук жана сергек жашоо" жылына арналган волейбол боюнча студенттер арасында мелдеш болуп өттү.

2023-03-09 16:30:06 60

Бүгүн ИПК да студенттик кеңеш тарабынан уюштурулган ОшМУдагы "Ден-соолук жана сергек жашоо" жылына арналган волейбол боюнча студенттер арасында мелдеш болуп өттү. Бул оюнга балдар жана кыздардан түзүлгөн бир топ командалар катышты. Жеңүүчүлөрго кубоктор жана грамоталар тапшырылды. Оюнду уюштурууга көмөктөшкөн Саттаров Бекболот агайга өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.