23-СЕНТЯБРЬ - КЫРГЫЗ ТИЛИ " МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ" МАКАМЫН АЛГАН УЛУУ КҮН

2023-02-20 16:05:09 78

Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык жарыяланган үч айлыктын алкагында Индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклынын окутуучулар жамааты тарабынан “Көөнөрбөс кыргыз тилим” аттуу жумалык уюштурулду. 9-база биринчи курстар арасында “Көчмө маданияттын көз мончогу” аталышындагы улуттук буюмдарды таанытуу максатында 27-сентябрь күнү көргөзмө жана студенттердин жазуу көндүмүн калыптандыруу максатында "Ата-журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга" аталышындагы дилбаяндар сынагы өткөрүлдү.28-сентябрь күнү концерттик программа менен коштолду.Ага ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шарипова Мастура Сайпиддиновна, колледждин окутуучулар жамааты, студенттер катышышты. Кечеде эне тилди даңазалаган ыр-бийлер орун алып, сахналык көрүнүштөр тартууланды. Жыйынтыгында буга чейин өткөрүлгөн иш чарага катышкан студенттер сый баракчасы менен сыйланды.