2023-жылдын 14-январь куну Математикалык дисциплиналар циклынын кезектеги отуруму болуп өтту.

2023-01-15 16:48:32 96

Отурумга ИПКнын директору, п.и.к., доцент Шаимкулов Олжобай Акматович, гуманитардык- педагогикалык бөлумдун башчысы т.и.к., доцент Анарбаева Гулназ Араповна катышты. Отурумду цикл башчы, доцент К.Байгазиев ачып, күн тартибинде каралуучу маселелерге токтолду. Кышкы сессиянын жадыбалдары менен тааныштырып, сынактардын тесттик тапшырмалардын суроолорунун мазмуну жөнүндө маалымат берди. «Текстүү маселелерди чыгарууда үйрөнүүчүлөрдү өнүктүрүү» деген темада окутуучуларга усулдук жардам катары презентация көрсөттү. Ачык сабактардын иштелмелери жана өтүлгөн ачык сабактар жөнүндө Сарыгулова Нуркыз баяндама жасады. Күн тартибиндеги маселелер талкууланып, ачык сабакты мыкты өткөн окутуучунун эмгек тажрыйбасын жайылтууну сунушташты. Гуманитардык-педагогикалык бөлүмүнүн башчысы т.и.к., доцент Г. А. Анарбаева кун тартибиндеги маселелерди мыкты деңгээлде аткарылгандыгын баса белгилеп, алдыда боло турган Аккредитацияга даярдыкты күчөөтүүнү айтуу менен бирге, МДЦКнын жамаатына чыгармачылык ийгилик каалады. МДЦКнын жетекчиси доцент, к. Байгазиев протоколдун чечими менен тааныштырып отурум жыйынтыкталды.