2022-жылдын 11-июнь күну ИПКда «Артыкчылыктуу адистер жана кесиптер» аттуу фестиваль болуп өттү

2022-06-14 10:19:16 172

Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинде «Артыкчылыктуу адистер жана кесиптер» аттуу фестиваль болуп өттү. Фестиваль Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып Инклюзивдик окутуу көндүмдөрү долбоорунун алкагында уюштурулду. Ага Ош облусунун аймагындагы окуучулар, студенттер, мектеп жамааттары ата-энелер жана Ош, Жалал-Абад облусунун колледждеринин окутуучулары катышты. Иш-чара абитуриенттерге кесип тандоо мүмкүнчүлүгүн жаратуу, кесиптер боюнча туура багыт көрсөтүү жана аларды даңазалоо максатында уюштурулган. Аталган фестивальды өткөрүүдө индустриалдык-педагогикалык колледжини эмгек жамааты жана студенттер тарабынан окуу жайда окутулган кесиптердин өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктарын даңазалаган бир канча мастер класстар, оюн зооктор, ыр бийлер, көргөзмөлөр уюштурулуп, келечек муундары үчүн кесип тандоо жолдору көрсөтүлдү. Индустриалдык педагогикалык колледжинин директору Олжобай Акматович Шайимкуловдун айтымында келечек муундарга кесип тандоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен аларга мыкты, заманбап шарттагы материалдык жабдыктар менен окуу процессин уюштуруу колледжин негизги максатты болуп саналат. Мындан ары да бул иш чараларды жыл сайын өткөрүү пландалууда.