2022-ж. 20-майда ИПКда жумуш берүүчүлөр менен окутуучулардын ортосунда "Негизги кесиптик билим берүү программасын" (НКББП) талкуулоо болуп өттү.

2022-05-22 00:26:38 202

2022-ж. 20-майда ИПКда жумуш берүүчүлөр менен окутуучулардын ортосунда тегерек стол уюштурулуп, мектепке чейинки билим берүү адистиги боюнча "Негизги кесиптик билим берүү программасын" (НКББП) талкуулоо болуп өттү. Анда ИПКнын директору, доцент О.А.Шаимкулов ИПК алдыңкы тажрыйба борбору катары бир нече багытта иш алып барып жаткандыгы, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү адистигиндеги көп тилдүү билим берүү, жүмүш ордунда окутуу, бала бакчалар менен кызматташуу, дуалдык билим берүүгө өзгөчө көнүл бурулуп жаткандыгын баса белгиледи. Мектепке чейинки билим берүү программасынын жетекчиси, доцент Т.А.Умурбекова 2022-2023 окуу жылына карата иштелип чыккан НКББП менен тааныштырды. Бала бакча жетекчилери талкуу учурунда бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик компетенттүүлүгүнө, өзгөчө кыргыз/орус тилдерин үйрөтүүгө, коммуникативдик көндүмдөрүн калыптандырууга, практикага көбүрөөк алып барууга көнүл бурууну сунушташты. Ошондой эле айылдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында адистердин жетишсиздигин айтып, бүтүрүүчүлөрдү жумушка жөнөтүү жагын өтүнүштү. Окутуучулар тарабынан кызматташуунун алкагында жер-жерлерде тарбиячылар үчүн тематикалык- консультативдик семинарларды өтүү маселеси коюлду. Мисалы: бала бакчанын базалык маалыматын иштеп чыгуу, окутуу процессин санариптештирүү, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу ж.б. Тегерек столго ИПКнын педагогикалык- психологиялык циклынын окутуучулары, Ош шаардык бала бакчалардан жана Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Чон-Алай райондорунан келген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, ошондой эле Ош билим берүү институтунун мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Кудайкулова Ж.А. катышты.