2022-жылдын 11-апрелинен 16-апрелине чейин ИПКнын математикалык дисциплиналар циклдык комиссиясы тарабынан уюштурулган “Математикалык жумалык” болуп өттү.

2022-05-19 13:05:04 177

2022-жылдын 11-апрелинен 16-апрелине чейин ИПКнын математикалык дисциплиналар циклдык комиссиясы тарабынан уюштурулган “Математикалык жумалык” болуп өттү. 11-апрель күнү 9-класстын базасында окуган 1-курстардын студенттери үчүн On line форматында математикалык олимпиаданын I-туру болуп өттү. 12- апрель күнү МДЦКнын төрагасы, доцент К.Б. Байгазиев “Моделдештирүү тексттүү маселелерди чыгарууну үйрөтүүнүн технологиялык тузүүчүсү катарында” деген темада студенттер үчүн илимий баяндама жасады. Окутуучулар Р.К. Ногойбаева жана А.М. Кочкорова­ тарабынан уюштурулган “Тексттүү масени чыгаруунун теориясы жана технологиясы” аттуу викторина “Алгоритм” жана “Модель” командаларынын катышуусунда өттү. Индустриалдык-педагогикалык колледжинин директору, п.и.к., доцент О.А.Шаимкулов жана МДЦКнын төрагасы, доцент К.Б. Байгазиев “Тексттүү масени чыгаруунун теориясы жана технологиясы” аттуу викторинаны ачуу үчүн сөз сүйлөштү. “Модель” жана “Алгоритм” командалары менен окутуучулар Р. Ногойбаева, А. Кочкорова Ошондой эле бул күнү ИПКда “Математика турмушта” аттуу кереге-гезиттеринин кароо-сынагы конкурсу 2-курстардын студенттеринин арасында жана “Тригонометриянын колдонулуштары” деген темада кереге-гезитинин конкурсу 1-курстар арасында өткөрулдү. 13-апрель күнү “Көркөм сүрөт өнөрүн окутуунун теориясы жана методикасы”, “Көркөм кол эмгеги жана конструкциялоо боюнча практикум” дисциплиналарын окутуунун натыйжаларынын негизинде, студенттердин чыгармачылыгын даңазалоо максатында “Жаз - 2022” конкурсу болду. “Башталгыч класстарда окутуу” жана “Мектепке чейинки билим берүү” адистиктеринде окуган студенттердин аткарган иштери коюлду. Студенттердин көркөм өнөрлөрүн баалоо үчүн сырттан меймандар келишти: М.Э. Эшбаев - Кыргызстан сүрөтчүлөр кошунунун мүчөсү, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ош МУнун профессору-төрага; И.С. Урманов - Кыргызстан сүрөтчүлөр кошуунунун мүчөсү, кесиптик дисциплиналар циклынын окутуучусу-мүчө; Д.Д. Кадермятова - Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы балдар көркөм сүрөт мектебинин директору- мүчө. Жыйынтыгында оорунга ээ болгон студенттер атайын грамоталар менен сыйланды. МДЦКнын окутуучусу Г. Самидинова өзүнүн шакирти КК-4-20 тайпасынын студенти А. Мамазаирова менен баарлашууда. Индустриалдык-педагогикалык колле иректору, п.и.к., доцент О.А. Шаимкулов жана МДЦКнын төрагасы, доцент К.Б. Байгазиев студенттердин чыгармачылыгы менен таанышууда. Индустриалдык-педагогикалык колледжинин гуманитардык педагогикалык бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Г.А. Анарбаева калыстар тобунун мүчөлөрү жана окутуучулар менен студенттердин чыгармачылыгы жөнүндө пикир алышууда. Калыстар тобу иш үстүндө. 13-апрелде математика боюнча олимпиаданын II түрү of line форматында өткөрүлдү. Математика предмети боюнча 1- курстар аралык олимпиаданын II туру өтүп жатат. 14-апрель күнү Ж.Ш. Мисиралиева жана М.А. Кулмаматова тарабынан уюштурулган “Математика илимдин бийиги” аттуу кече болуп өттү. Студенттер тригонометриянын колдонулуштарын слайд аркылуу жеткиликтүү түшүндүрүп бере алышты. “Математика илимдин бийиги” аттуу кеченин ачылыш аземинде. Асс9-1-21 тайпасынын студенттери тригонометриянын турмушта колдонулуштарын түшундүрүп жаткан учуру. 15-апрель кунү “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин 1-курстарында (9 база) тайпалар аралык “Математикалык акыл таймашы” болуп өттү. 15-апрелде “Математикалык жумалыктын” жабылуу аземи болуп өттү. Конкурста жеңишке ээ болгон командалар жана активдүүлүктү көрсөткөн студенттер окуу жайдын атайын грамоталары менен сыйланышты.