" Бош орундар жарманкеси-2022 ”

2022-05-17 09:31:49 198

ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде 2022-жылдын 23-апрелинде Индустриалдык-педагогикалык колледжинин техникалык адистиктер бөлүмүндө бүтүрүүчү курстарды иш менен камсыз кылуу жана иш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта болуу максатында "Бош орундар жарманкеси-2022" деген аталышта иш-чара болуп өттү. Иш чарага Ош облаусундагы төмөндөгү райондордон айыл өкмөттөр катышты: Араван районунун А.Анаров, С.Юсупова, Чек-Абад,Тепе-Коргон, Нурабад, Төө-Моюн, Мангыт, Керме-Тоо айыл өкмөтөрү. Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак, Нариман, Төлөйкөн, Папан, Отуз-Адыр, Шарк айыл өкмөттөрү; Ноокат районундагы: Ноокат шаардык башкармалыгы, Кара-Таш, А.Мирмахмудов, Он-Эки-Бел айыл өкмөттөрү. Өзгөн районундагы Ак-Жар, Жалпак-Таш, Ийри-Суу, Көлдүк, Мырза-Аке; Кызыл-Тоо, Көлдүк, Чангет айыл өкмөтүнүн жогруда аталаган айыл өкмөттөрдүн башчылары жана өкүлдөрү келип, айыл өкмөттөгү бош орундарды колледждин техникалык адистиктер бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүнө сунушташты. Иш чаранын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санариптештирүүдө колледждин техникалык адистиктер бөлүмү жакындан жардам бере тургандыгы айтылды. Ошондой эле студенттерди айыл өкмөттөргө практикага жөнөтүү боюнча макулдашылды. Жалпысынан алганда жарманке ийгиликтүү аяктады жана келген айыл өкмөт башчылары жана өкүлдөрү колледж менен иш алып барууга даяр экенин билдиришти. Учурда техникалык адистиктер бөлүмүнүн айрым бүтүрүүчү курстары өндүрүштүк практикасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өткөрүп жатышат. Практика учурунда студенттер жаңы технологияларды колдонуп “Түндүк”, “Infacom”, “Санарип аймак” системасына айыл өкмөттөрдүн иш китебин жана паспортун түзүү процессин автоматташтырууга көмөктөшүүдө.