Бүгүн 18.12.2021. күнү ОшМУнун индустриалдык-педогогикалык колледжиндеги

2021-12-20 13:54:58 205

18.12.2021. күнү ОшМУнун индустриалдык-педогогикалык колледжиндеги "Гуманитардык - педагогикалык” бөлүмүндө 2021-2022- окуу жылындагы педагогикалык практиканын жыйынтыгы боюнча конференция болуп өттү. Конференциянын ачылышынан соң ИПКнын пед.практика башчысы Мамырова Айнура Юсуповна педагогикалык практиканын жыйынтыгы боюнча баяндамасында төмөнкүлөргө токтолду: Студенттер башталгыч класс мугалимдеринин ишмердүүлүктөрү менен жакындан таанышып, сабактардын жана класстан тышкаркы иштердин план-конспектилерин түзүп, өткөрүштү, окуучуларга жана жалпы класска байкоо жүргүзүшүп, мүнөздөмө жазышты. Көпчүлүк студенттерге практика убагында өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, мектептердин окуу-тарбиялоо процесстерине жакындан жардам бергендиги үчүн мектеп жетекчиликтери тарабынан “Ыраазычылык каттар” берилди. Педагогикалык практикада алган тажрыйбалары студенттердин кийинки билим алуусуна өзгөчө методикалык дисциплиналарды максаттуу өздөштүрүүсүнө фундамент болот деп ишенебиз. Жалпы билим берүүчү мектептерде педагогикалык практиканы өткөрүү мөөнөтүнө чейин окутуунун усулу дисциплиналарынын лабораториялык сабактарынан 2021-2022- окуу жылынын октябрь айынан тарта шаардагы билим берүүнүн сапаты жогору болгон, ошону менен бирге биздин колледж менен кызматташууга макулдугун берген мектептерде өткөрдүк. Бул “Мектеп күнүн” өткөрүү менен жакшы натыйжалуулукка ээ болгондугубуз студенттердин мектептеги окуу процессине жасаган мамилесинен улам байкалды. Колледждин директору О.А.Шаимкулов баш болгон бөлүм башчы Г.А.Анарбаева, окутуучу-усулчулар, мектеп администрациясы, мектептеги усулчулар менен бирге студенттерге ар тараптан усулдук жардам көрсөтүү болгон кызматташуусу практиканын жүрүшүндө сапатын дагы да арттырды жана студенттер үчүн колдоо болду. Окутуучу-усулчулар Дж.Н.Досматованын Ош шаарындагы № 14 К.Алтыбаев атындагы мектеп-гимназиясында, К.Байыеванын №52 Кыргыз-Түрк достугу мектебинде 4-класстардын окуучуларына өткөргөн ачык сабактары практиканттар үчүн эле эмес, мектеп окутуучулары үчүн да чоң усулдук жардам болду. Аны менен бирге жалпы билим берүүчү мектептер менен кызматташууга өбөлгө түздү. Жогорку жетишкендиктер менен кошо бир топ кемчиликтер да кездешет. Аларды эске алуу менен окутуунун усулу дисциплиналарынын окутулуу сапатын дагы да жакшыртуу, мисалы ар бир келечектеги башталгыч класстын окутуучусунун бирден¬-бир негизги маселеси каллиграфиялык маселелер болуп саналат. Ошондой эле заманбап окутуунун техникалык каражаттары менен иштөөнү үйрөтүүнү жакшыртуу. ОшМУнун педагогикалык практика жетекчиси А.Батыралиев ИПКнын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди. "Сунуш катары айта кетчү нерсе жалпы эле педагогикалык адистиктерди даярдоодо орто кесиптик жана жогорку окуу жайлардын көйгөйү болгон каллиграфияны окутуп, үйрөтүү көйгөйүн чечип, жөнгө саласыңар деген ишеничтемин" - деп сөзүн жыйынтыктады. “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин программа жетекчиси, доцент: К.Б.Байгазыев жана “Мектепке чейинки билим берүү" адистигинин программа жетекчиси, п.и.к., доцент:Т.А. Умурбекова НКББП-сы боюнча кыскача токтолушуп, студенттерге тереңирээк түшүндүрүү иштери январь айында дагы жүргүзүлөрү жөнүндө айтып өтүштү ИПК нын директору, п.и.к., доцент: Шаимкулов Олжобай Акматович конференцияны жыйынтыктоодо практиканын ийгиликтүү аяктагандыгын баса белгилөө менен бирге, мындан бул жакка дагы чечиле турган маселелерге токтолуп, аны чечүү боюнча тиешелүү тараптар менен кандайча иш алып баруу керектиги жөнүндө да айтып өттү.