"Башталгыч класстарда окутуу" адистигинде окуган студенттердин педагогикалык практикасынын ал абалы

2021-12-08 12:29:31 152

2021-жылдын 6-7-декабрь күндөрү Индустриалдык-педогогикалык колледждин директору Шаимкулов Олжобай Акматович, Педагогикалык адистиктер боюнча бөлүм башчы Анарбаева Гүлназ Араповна жана Педагогикалык практиканын башчысы Мамырова Айнура Юсуповна "Башталгыч класстарда окутуу" адистигинде окуган студенттердин педагогикалык практикасынын ал абалын жакындан билүү жана мектеп жетекчилери менен жолугушуу максатында Ош шаарындагы мектептерде болду.Анда практиканттар менен бет маңдай маектешүүдө практика үчүн "Мектеп күнүнүн" пайдалуу болгондугун жана дагы мындан бул жакка кандай маселелердин үстүндө иштөө керектиги жөнүндө маалымат алдык. Ал эми мектеп жетекчилери менен "эки тараптуу кызматташууну" күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп, алардын биздин окуу жайдын дарегине айткан пикирлери жылуу маанайды жаратты.