АБРдин "Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү"

2021-12-08 12:27:00 151

АБРдин "Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү" долбоорунун алкагында, ИПКнын социалдык өнөктөштүк механизмдерин ишке ашыруу багытында -Студенттерди иш ордунда окутуу" (ОРМ)программасына ылайык шаардагы 52 "Кыргыз-Турк" достугу мектеп-лицейинде ИПКнын математикалык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу К.Байыева, мектеп окутуучусу Г.Ормошева жана студент-практиканттар Н.Калдарова, И.Гафуровалар менен биргеликте 4"Г" классынын окуучулары үчүн "Тик бурчтуктардын периметрин салыштыруу" деген темада усулдук жардам катары ачык сабак-семинар өтүп берди. Бул сабакка студент-практиканттар, колледждин окутуучулары, практика жетекчиси жана мектеп окутуучулары да катышып, сабак жогорку деңгээлде өткөндүн баса белгилешти.