Ачык сабак

2021-12-06 09:13:41 164

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде социалдык өнөктөштүк механизмдерин ишке ашыруу жакшы жолго коюлуп келет. Бул аспекттин негизги багыттарынын бири – студенттерди иш ордунда окутуу (ОРМ) болуп эсептелет. Ушул багытта 2021-жылдын 1-декабрында ИПКнын социалдык өнөктөшү болгон Ош шаарындагы №14 К.Алтыбаев атындагы орто мектебинде ИПКнын филологиялык дисциплинар циклынын доценти Дж.Н.Досматова мектеп окутуучусу А.Ж.Алимбекова жана практикант-студент О.Сабирова менен биргеликте 4 “В” класстын окутуучулары үчүн “Д.Н.Мамин-Сибиряктын “Серая Шейка” жомогун балдарга окутуу” деген темада усулдук жардам катары сабак-семир өтүп берди. Бул сабак-семинарга студент-практиканттар, колледждин окутуучулары, практика жетекчиси жана мектеп окутуучулары да катышып сабак жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилешти.