"Окутуу үчүн универсалдуу долбоорлоо"

2021-12-06 09:00:58 161

Бүгүн,ОшМУнун индустриалдык-педогогикалык колледжиндеги "Педагогикалык жана психологиялык" дисциплиналар циклы жаш окутуучуларга усулдук жардам катары "Окутуу үчүн универсалдуу долбоорлоо, дифференцияланган окутуунун технологиясы" деген темада семинар уюштуруп, окутуучу Мамырова Айнура Юсуповна өтүп берди. Семинарга жаш окутуучулардан сырткары “Филологиялык” дисциплиналар циклынын окутуучусу Жарматова Мукадас,”Техникалык” дисциплиналар циклынын окутуучусу Сулайманов Заур жана “Техникалык” адистиктер боюнча бөлүм башчы Мамаев Самар катышып, чакырык иретинде берилген суроолорго жооп берүү менен өз тажрыйбаларынан бөлүштү.Семинарга катышкан окутуучулардын ар бири өздөрүнө пайдалуу маалыматтарды алып, ыраазычылыктарын билдиришти.04.12.2021.