Өзгөчө, түрдүү кырдаалдарда жарандык коргоонунун эрежелери аталыштагы конок лекция болуп өттү.

2021-12-01 16:48:26 143

1-декабрь 2021 –жылы Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин гуманитардык-педагогикалык бөлүмүндө “Өзгөчө, түрдүү кырдаалдарда жарандык коргоонунун эрежелери” аталыштагы конок лекция болуп өттү. Конок лекцияга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык куткаруу иштери бөлүмүнүн башчысы, майор: Туйбасов Шайырбек Жамбылович Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси: Матисаков Асанбек Айдаралиевич Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы, майор Асыранов Алтынбек Жунусмаматовичтер келип, Башталгыч класстар адистигиндеги 2-курстун орус, кыргыз тайпаларынын студентерине бүгүнкү күндөгү Өзгөчө кырдаалдар жана алардан коргонуу боюнча актуалдуу болуп жаткан көйгөйлөр, алдын ала сактануу иш чаралары боюнча кызыктуу маалыматтар, видео роликтер менен баяндама жасап лекция өтүп беришти. Иш чара жогорку деңгээлде,өтө кызыктуу өттү. Бул конок лекциянын аягында гуманитардык педагогикалык бөлүмдүн жетекчиси Гулназ Араповна жыйынтыктап,келген конокторго, иш чараны уюштурган Табигый дисциплиналар циклынын окуутучуларына ыраазычылык билдирди жана мындан аркы иштерине ийгилик, үй бүлөлүк бакыт, ден соолук кааларын айтты. Конок лекцияны уюштургандар “Табигый дисциплиналар” циклынын окутуучулары: Багышев Алтынбек, Нурмаилова Жазгул, Ажиматова Нурзат .