“Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча болочок мугалимдерди даярдоонун актуалдуу маселелери

2019-09-19 14:34:41 393

ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин ОКББПП кафедрасы тарабынан “Кесиптик орто билим берүүнүн 050708-” “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча болочок мугалимдерди даярдоонун актуалдуу маселелери боюнча тегерек стол уюштурулуп, 2019-жылдын 14- сентябрь күнү өткөрүлдү. Тегерек столду ИПКнын директору п.и.к., доцент Шаимкулов Олжобай Акматович ачып, жүрүшүндө суроо, жоопторго толуктоо киргизип жатты. Кесиптик орто билим берүүнүн 050709- ОКББнын ТМ кафедрасынын башчысы Байгазиев Кадырбек Байгазиевич “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин негизги кесиптик программасы боюнча презентация жасады. Тегерек столго Ош шаардык БББнын өкүлдөрү, башталгыч класстын мугалимдери жана ИПКнын мугалимдери катышты.