Мамлекеттик тилге 30 жыл.

2019-09-18 15:02:24 330

Индустриалдык-педагогикалык колледжде 17-сентябрь күнү 23-сентябрь мамлекеттик тилдин 30 жылдык мааракесине арналган «Улуу тил дүйнөсү» аттуу адабий- музыкалык кече болуп өттү. Майрамдык кечеде чыгармачыл студенттерибиз өз өнөрлөрүн жогорку деңгээлде көрсөтө алышты. Алар, кыргыз тили үчүн жанын берген, агартуучу Касым Тыныстановдун өмүр таржымалынан баштап, Манас эпосунан үзүндү айтып, көрүүчүлөрдүн кечеге кызыгуусун арттырды. Андан соң кыргыздын каада салтынан кыскача көрүнүш тартуулап, тил жөнүндө акын жазуучулардын ырларынан көркөм окушту. Патироттук ырларды ырдашып, студенттердин өздөрүнөн түзүлгөн «Roial» бийчилер тобунун түрдүү бийлери менен коштолду. Майрамдык кече көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүп, жогорку деңгээлде өттү. Акырында ИПКнын директору О.А.Шаимкулов сөз сүйлөдү. Агай студенттерге, уюштуруучу окутуучуларга ыраазычылык билдирип, алардын иштерине, окууларына ийгиликтерди каалады.