Бүгүн 2- мартта орто кесиптик билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасынын башчысы Умурбекова Токтайым Акаевна ата-энелер менен кзектеги жолугушууну өтүкөрдү.

2018-03-02 20:29:33 340

Бүгүн 2- мартта орто кесиптик билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасынын башчысы Умурбекова Токтайым Акаевна жана ДО-1-17, ДО9-1-16 тайпаларынын кураторлору Джакркинбаева Айнура Турдубаевна, Талай кызы Үмүт ата-энелер менен кзектеги жолугушууну өтүкөрүштү. Жолугушууда ГПКнын директору п.и.к,доцент Шаимкулов Олжобай Акматович катышып, Ош МУнун ,ГПКнын стратегиялык паландары, аккредитацияга болуп жаткан даярдыктар, андагы ата-энелер менен кызматташуу жөнүндө сөз сүйлөдү. Андан кийин п.и.к,доцент Т.А.Умурбекова мектепке чейинки билим берүү багытындагы негизги кесиптик билим берүү программасындагы максаттарды жана күтүлүүчү натыйжаларды ишке ашыруудагы кызыкдар тараптардын анын ичинде ата-энелердин ролун баса белгилеп, иш чараларга активдүү катышып жаткан ата-энелерге ыраазычылык билдирди. Ал эми ата-энелер тарабынан студенттер үчүн тигүүчүлүк, кулинария, парикмахер жана ден соолукту чыңдоо кружокторун ачуу жөнүндө сунуштар берилди.