Кыргызстандын тарыхы, дүйнө тарыхы философия, адам жана коом, социалдык консультация, социалдык иштерди иш кагаздар менен камсыз кылуу, социологиянын негиздери, ден соолуктун медициналык-социалдык негиздери деген дисциплиналарды окутушат.

Азыркы учурда коомдук илимдер жана социалдык иштер кафедрасында тажрыйбалуу, эмгекчил жамаат түптөлдү, анткени, бул окутуучулук жамаат ар дайым чыгармачылык жактан изденишип, окуу-усулдук иштерин өнүктүрүп, азыркы талапка ылайык педагогикалык билим технологиясын тереңдетип, гуманитардык- педагогикалык колледждин студенттерин илимий-изилдөө иштерине активдүү катыштырууда.