Новости цикловой комиссии

Табигый илимдер (физика, химия, география, биология)  предметтик олимпиадада

Бүгүн 21-декабрь ОшМУнун колледждеринин арасында 9-класстын базасында окуган студенттердин ортосунда, табигый илимдер( география, физика, химия, биология) предметтеринен олимпиада болуп өттү. Олимпиадага индустриалдык-педагогикалык, финансы-юридикалык, STEM иновациялык жана эл аралык билим берүү программалар колледжинин ар түрдүү адистиктеринде окуган жүздөн (100) ашуун студенттер катышышты. Олимпиада индустриалдык-педагогикалык колледжинин табигый дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулар жамааты тарабынан уюштурулуп, өз максатына жетти. Ошондой эле :

1-орун миң( 1000) сом 

2-орун жети жүз 700 сом 

3-орун 500 жүз(500) сом акчалай сыйлык жана диплом, мактоо баракчалары менен сыйланышты.

 

 ОСжМК ачык сабакта

       ОшМУнун  ОСжМК сапат бөлүмүнүн окутуучулар ИПКнын Табигый дисциплиналар циклдык комиссиясынын жаш окуутучуларынын кезектеги ачык көргөзмөлүү сабактарына катышышты. Бул ачык көргөзмөлүү ачык сабактарды Жумакадырова Назгүл биология сабагын жана Талипбек кызы Айтгүл физика сабагынан  дизайн адистигиндеги 9 база 1-курсунун  студенттерине өтүп беришти. Сабактын баардык структурасы сакталып максаттарына жетишти жана Сапат бөлүмүнүн окутуучуларынын алкышына ээ болушту.