История цикла

ПЦКнын тарыхы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен индустриалдык-педагогикалык колледжинин информациялык-коммуникациялык дисциплиналар ПЦКасы жана техникалык дисциплиналар ПЦКасы STEM инновациялык колледжинин курамына кошулуп жаткандыгына байланыштуу, ректордун 2022-жылдын 30-августундагы №3274-ФХД/22 буйругунун негизинде, индустриалдык-педагогикалык колледжиндеги ПОВТАС адистигин тейлөө үчүн “Программалоо” предметтик циклдык комиссиясы 2022-жылдын 30-август айынан баштап түзүлгөн жана циклдын төрайымы Акназарова Сүйүмкан Сагыналиевна дайындалган. Бүгүнкү күндө программалоо предметтик циклдык комиссиясынын төрайымы Акназарова Сүйүмкан Сагыналиевнанын жетекчилиги астында “230109 Эсептөө техникасын жана автоматаштырылган системаларды программалык камсыздоо” билим берүү программасы, ПЦКдагы компетенттүү ПО курам тарабынан реализацияланууда. Учурда ПЦКда 9 профессордук-окутуучу курамы (штаттык), жана 8 окутуучу айкалыштырылган кызматта (совместитель) эмгектенишүүдө.