информационный стенд

2023-ж. 14-мартында Бишкек шаарында АБРдин 7-аспекти "Окутуучуларды кайра даярдоо жана билимин өркүндөтүү" боюнча бир күндүк кенешме болуп өттү. Кенешмеде башталгыч жана орто кесиптик билим берүү тармагындагы окутуучулардын педагогикалык билимин өркүндөтүү боюнча аткарылган иштер, кийинки максаттар, окуу пландарын иштеп чыгуу жөнүндө отчеттор угулду. КРнын билим берүүнүн мыйзамдарына ылайык окутуучулук кызматты аркалаган бардык кесиптин ээлери педагогикалык билимге ээ болуусу керек экендиги айтылды. АБРдин пилоттук 8 АТБ нан тышкары дагы 9 колледждин окутуучулары бул долбоордун алкагында кайра даярдоо жана билимди өркүндөтүү боюнча атайын курстардан өтөөрү пландаштырылды.

2023-жылдын 23-январь айында Финансы-юридикалык колледжинде саат 13:00дон 14:50го чейн болочоктогу укук таануучуларды соттук-психологиялык экспертизанын мааниси, ал экспертизаны жургузуучу клиникалык психологдун жасоочу жумушунун мааниси менен тааныштырууга арналган жолугушуу отту. Жоолугушууга Ош областтык психиатрия жана наркология борборунун клиникалык психологу Кулуева Г.С. чакырылды. Иш-чаранын башталышында клиникалык психолог оз жумушу жонундо кенири айтып берди. Андан кийин студенттер оздорун кызыктырган суроолорду беришти. Жоолугушуу студенттердин кызыгуусун пайда кылып жогорку денгээлде отту. Жолугушуу биринчи курстун студенттери УКР 10-22 жана УКР 11-22 тайпаларынын арасында болду Уюштуруучусу «Юридикалык психология» предметинен берген мугалими Тынаева Айпери Жанышовна жана Ибайдуллаева Айнура.

ИПКнын студенттери ОшМУдагы факультеттер аралык "Акыл ордо" интеллектуалдык таймаштан 3-орунду ээлешти.

2022-жылдын 3-ноябрь куну Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Индустриалдык-педагогикалык колледжининин “Алдыңкы тажрыйба борборунун” ачылуу аземи болуп өттү.

"Агартуунун мыктылары" менен жолугушуу. Бугун 9 - декабрда Ош МУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде бутуруучу студенттер менен Ош шаарынын мектеп жана бала бакчаларынын мыкты тарбиячылары жана мугалимдери менен жолгушуу болуп өттү. Республикалык «Мыкты Мугалим-2021» конкурсунун жеңүүчүсү Кыргыз-Түрк достугу мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев, “Мыкты тарбиячы-2021” республикалык сынагынын жеңүүчүсү № 61 "Ак каркыра" балдар бакчасынын тарбиячысы Ногаева Маргарита Юрьевна, «Мыкты Мугалим-2022» сынагынын жеңүүчүсү, Кыргыз-Түрк достугу мектеп-лицейинин математика мугалими Акылбек уулу Нурсултан жана № 39 "Кун нуру" балдар бакчасынын тарбиячысы Гулназ Түленбаевалар келип кеңири маек куруп беришти. Бул жолгушууда Студенттерге кантип мыкты болунун жолдорун, максатты туура коюп ага жетүүгө жана тандаган кесиптеринин ырахаттарын сыймык менен айтып беришти. Андан кийин студенттердин суроолоруна кеңири жооп беришти. ИПК нын дирекциясы тарабынан чоң ыраазычылык билдирилип, мындан кийин да жолугушууларды, конок лекцияларды уюштурууга шарт түзүлдү. Бул иш чараны Гуманитардык-пеадгогикалык бөлүмүнүн педагогикалык психологиялык циклы уюштуруп демилгечи педагогика илимдеринин кандидаты Жумабай Масирович Орозбаев болду.

Эл аралык эне тил күнүнө карата ,До9-1-22 ,До9-2-22, До9-3 -22 тайпалары арасында англис тилинде таймаш болду. Таймашта студенттер англис тилинде ыр ырдашып ,жомок торду аткарышып жана ошондой эле ар улуттун бийлерин бийлешти. Студенттердин тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусу дагы да жанданды деп айтсак жаңылышпайбыз .

Циклдын окутуучусу, Орунбаев Улан Батырбекович ЭлТР теле каналынын, Ден соолук телеберүүсүндө "Психикалык ден-соолук" деген аталыштагы темада түз эфирде конокто болуп , теле көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип келди.

Ош Билим берүү институтуна курска келген башталгыч класстын мугалимдерине циклдын окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Абдураимова Зарийпа Самашевна 2023- жылдын 15- март күнү “Мугалимдин кеби жана анын педагогикалык процесстеги ролу” - деген темада мастер - класс өттү. Катышуучулар мугалимдин кебинин педагогикалык процесстеги ролу, ички мааниси, өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат алышты. Блумдун таксономиясы боюнча суроолорду берүү жана тапшырмаларды түзүү методикасы жана “ПОПС” ыкмасы менен иштешти. Бүгүнкү күндөгү мугалимдин кебине ( өзүнүн кебине да) SWOT анализ жасашты.

2023-ж. 18-апрелинде ППДЦнын доценти, п.и.к, Т.А.Умурбекова ОМПУнун педагогикалык колледжинде "Мектепке чейинки билим берүү" адистигинин студенттери үчүн "Атайын психология жана коррекциялык педагогика" сабагынан конок лекция өттү. Ал азыркы учурдагы актуалдуу маселе болуп жаткан өзгөчө муктаждыгы бар балдарга инклюзивдик билим берүү боюнча мазмундуу лекция окуду. Лекцияга педколледждин окутуучулары, студенттер жана Ош Билим берүү институтунан келген тарбиячылар катышты.

договор

2022- жылдын 19- ноябрь күнү "Мектепке чейинки билим берүү" адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасын талкуулоо болду. Талкуулоого, Индустриалдык- педагогикалык колледжинин гуманитардык бөлүмүнүн башчысы т.и.к, доцент Анарбаева Гүлназ Араповна, педагогикалык жана психологиялык дисциплиналар циклынын окутуучулары, мектепке чейинки билим берүү адистигине сабак берген окутуучулар, студенттер жана Ош облусунун райондорунан келген Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору катышышты. Талкууда, программа жетекчиси Талай кызы Үмүт негизги кесиптик билим берүү программасы боюнча доклад жасады. Докладта программанын максаттары, окутуунун күтүлүүчү натыйжалары, негизги жана кесиптик компетенциялар жана окутулуучу предметтер жөнүндө сөз болду. Талкуунун аягында доцент Т.А.Умурбекова "Бала бакчада дене тарбия иштерин уюштуруу" - деген темада көрсөтмөлүү ачык сабак өтүп берди. Иш берүүчүлөргө жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы менен бүтүрүүчүлөрдүн бир нече тил билүү, ИКТны колдоно билүү, балдар менен мамиле түзө билүү компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга көңүл буруу зарылдыгы маалым болду. МЧББ боюнча НКББПсын талкуулоонун жыйынтыгы менен программага кошумча жалпы жана кесиптик компетенцияларды калыптандыруучу методикалык сабактарга өзгөзө көңүл буруу зарыл экендиги белгиленди.

Бүгүн, 2022-ж. 14-октябрда ИПКнын окутуучулары мектепке чейинки билим берүү адистигинин 1-курсунун студенттери менен "Көп тилдүү билим берүү" программасынын алкагында "Жомоктор дүйнөсүндө" деген темада адабий-музыкалык маданий иш чара өткөрүштү. Бул иш чаранын максаты студенттердин кыргыз/ орус тилдерин түшүнө билүү, эркин сүйлөө, өзүн-өзү өнүктүрүү көндүмдөрүн калыптандыруу; тарбиячылык кесипке даярдоо жана коомдук мамилеге үйрөтүү болду. Аталган иш чараны филологиялык дисциплиналар циклынын окутуучулары М. Эргешбай к., Г. Эрназарова орус тили сабагы аркылуу уюштуруп, студенттер "Чамгыр", " Буратино", "Кызыл шапкачан кыз" жомоктору боюнча суроолорго жооп берип, ролдорду аткарып, активдүү катышты. Иш чарага ИПКнын доценттери, цикл башчылары, окутуучулары, студенттер катышты. Бүгүнкү иш чараны уюштурган окутуучуларга жана До9-1-2-3-22 группаларынын студенттерине терен ыраазычылык билдирүү менен, аларга бекем ден соолук, окууда жана жумушта чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

2022-ж. 20-майда ИПКда жумуш берүүчүлөр менен окутуучулардын ортосунда тегерек стол уюштурулуп, мектепке чейинки билим берүү адистиги боюнча "Негизги кесиптик билим берүү программасын" (НКББП) талкуулоо болуп өттү. Анда ИПКнын директору, доцент О.А.Шаимкулов ИПК алдыңкы тажрыйба борбору катары бир нече багытта иш алып барып жаткандыгы, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү адистигиндеги көп тилдүү билим берүү, жүмүш ордунда окутуу, бала бакчалар менен кызматташуу, дуалдык билим берүүгө өзгөчө көнүл бурулуп жаткандыгын баса белгиледи. Мектепке чейинки билим берүү программасынын жетекчиси, доцент Т.А.Умурбекова 2022-2023 окуу жылына карата иштелип чыккан НКББП менен тааныштырды. Бала бакча жетекчилери талкуу учурунда бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик компетенттүүлүгүнө, өзгөчө кыргыз/орус тилдерин үйрөтүүгө, коммуникативдик көндүмдөрүн калыптандырууга, практикага көбүрөөк алып барууга көнүл бурууну сунушташты. Ошондой эле айылдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында адистердин жетишсиздигин айтып, бүтүрүүчүлөрдү жумушка жөнөтүү жагын өтүнүштү. Окутуучулар тарабынан кызматташуунун алкагында жер-жерлерде тарбиячылар үчүн тематикалык- консультативдик семинарларды өтүү маселеси коюлду. Мисалы: бала бакчанын базалык маалыматын иштеп чыгуу, окутуу процессин санариптештирүү, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу ж.б. Тегерек столго ИПКнын педагогикалык- психологиялык циклынын окутуучулары, Ош шаардык бала бакчалардан жана Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Чон-Алай райондорунан келген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору катышты. Директорлору, ошондой эле Ош билим берүү институтунун мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Кудайкулова Ж.А. катышты. 20 мая 2022г. в ИПК был проведен круглый стол по обсуждению "Основной профессиональной образовательной программы" (ОПОП) по специальности дошкольного образования. Директор ИПК, доцент О.А.Шаимкулов выступая перед руководителями ДОО, рассказал о том, что как центр передового опыта, ИПК работает по нескольким направлениям. Он так же отметил о том, что уделяется внимание на дошкольное образование, особенно к проблеме многоязычного образования, обучению на рабочем месте, сотрудничеству с детскими садами, дуальному образованию. Затем выступила руководитель программы дошкольного образования, доцент Т.А.Умурбекова. Она познакомила участников круглого стола с ОПОП дошкольного образования, составленной на 2022-2023 учебный год. Руководители ДОО во время обсуждения программы, рекомендовали о том, что обратили особого внимания на знание студентов кыргызского/русского языков, формированию коммуникативных навыков, больше проводить практику в детских садах. А также в связи не хваткой специалистов, попросили отправить выпускников сельским детским садам. А со стороны преподавателей были предложены проведение тематическо- консультативных семинаров на местах. Например: создание базы данных ДОО, санарипное обеспечение обучения, распространение передовых опытов и т.д. В круглом столе участвовали преподаватели психолого- педагогического цикла ИПК; руководители ДОО г.Ош; Алайского, Араванского, Кара-Суйского, Кара-Кулджинского, Узгенского, Ноокатского, Чон-Алайского районов. А также руководитель дошкольного образования Ошского института образования Кудайкулова Ж.А.

Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинде 2022-ж.1-декабрда окутуучулардын билимин өркүндөтүү жана кайра даярдоо программасы боюнча бүтүрүүчүлөргө сертификаттар берилди. Алар 6 айлык (900 саатт) мөөнөт менен билим алышып, "Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү тармагында педагог" деген квалификацияга ээ болушту. Курстун бүтүрүүчүлөрү жалпы, башталгыч жана атайын орто кесиптик билим берүү тармагында эмгектенген окутуучулар. Бүтүрүүчүлөргө бекем ден соолук, педагогдук ишмердүүлүктөгү кесиптик- чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

2023-жылдын 28-февралында “Мектепке чейинки билим берүү” адистигинин 2-курсунун ДО9-1-21 тайпасына академиялык мобилдүүлүк боюнча И.Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык колледжинин “Чет тилдер жана Мектепке чейинки билим берүү” бөлүмүнөн келген окутуучу, магистр Жаныбекова Гүлшайыр “Когнитивдик өнүктүрүү” деген темада семинардык сабак өтүп берди. Семинардык сабак студенттердин лекцияда алган билимдерин жогорку деңгээлде бекемдеди. Мындан сырткары азыркы учурда мамлекеттик практикада жүргөн ДО9-1-20 тайпасынын студенттери менен барып жолугуп, өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп келди.

22- ноябрь "Дүйнөлүк психологдор" күнүнө карата ОшМУнун психология кафедрасы тарабынан уюштурулган "Кыргызстандагы психологдордун ишмердүүлүгүнүн мааниси" аттуу форумга ИПКнын педагогикалык жана психологиялык дисциплиналар циклынын окутуучулары катышты . Форумда Индустриалдык- педагогикалык колледжинин директору, доцент Шаимкулов Олжобай Акматович жана ППДЦнын доценти Умурбекова Токтайым Акаевна куттуктоо сөзүнө чыгышты . Форумдун жүрүшүндө бакалавр менен колледждин ортосунда калкка психологиялык кызмат көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.

11-июня 2022года преподаватели индустриально-педагогического колледжа провели день открытых дверей. в ходе мероприятия была показательная выставка для выпускников. сотрудники ИПК устроили небольшое концертное выступление.

18-январь

15- декабрь куну Индустриалдык - педагогикалык колледждин Педагогикалык жана психологиялык дисциплиналар циклынын окутуучусу п.и.к. Орозбаев Жумабай Масировичтин демилгеси менен Республикалык денгээлде откорулгон «Жылдын мыкты мугалими-2023» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы- 2023» конкурстарынын женуучулору менен студенттердин жолугушуусу откорулду. Бул жолугушууга 1- орунду багындырган шаардагы Г. Айтиев атындагы орто мектептин англ. тили мугалими Алекова Элнура Алмазбековна конкурска кантип барып, кандай эмгектердин, мээнеттин аркасында бул женишке жетишкендигин айтып берди. Ал эми 2- орундун ээси Ноокат районун Крупская атындагы орто мектебинин кырг.тили мугалими Кенеш кызы Айпери аудиторияны мастер классы менен кызыктуу, жандуу усул колдонуу менен бир сабактын фрагментин корсотуп берди. Жылдын мыкты тарбиячысы конкурсунун женуучусу Ош шаарындагы Асан Усон балдар бакчасынын тарбиячысы Тыныбекова Мээрим Тыныбековна кантип бул кесипке ээ болуп, балдарга журогун арнап иштеп калганын толкундануу менен айтып берди. Андан кийин студенттердин суроолоруна жооп беришип, жогорку денгээлде талкуу жолугушуу отту. Бул жолугушуудан студенттер келечектеги кесибине позитивдуу коз караш, оз кесибине болгон урмат сыйлары арткандыгы даана корунду. Акырында мыкты мугалимдер, тарбиячылар педагогикалык кесиптин канчалык кыйынчылыгын, мээнеттуулугун, инсанды тарбиялоодо чон ордун тушундуруп, анын аркасынан керемет жашоо, жоодураган балдардын бактылуу элестерин айтышып студенттерге келечектеги кесибине чакыруу кат беришти. Бул иш- чарадан студенттер коп кызыктуу маалыматтарды алышып, мыкты мугалим болууга белсеништи. Ушул эле жолугушуу 20.12.23 куну КМОП то откорулуп, колледждин окутуучулары жана студенттери жогорку денгээлде кабыл алышты. Бул коллдежде да студенттер келечектеги кесибинин ыйыктыгына, ар тараптуулугуна, кесиптин ар жагында канчалаган эмгектер, мээнеттер жатканына тушунуп, мыкты мугалим болууга аракет кылабыз деп максат коюшту. Ал эми биз мыктыларга ийгилик каалап, уюштурган агайыбыз Жумабай Масировичке ыраазычылык билдируу менен чыгармачылык ийгилик кааладык!

2023- жылдын 6-март күнү циклдын окутуучусу Урматбек уулу Сыймык, 8-март "Аялдардын эл аралык " майрамына карата Ош МУнун профессордук окутуучулук курамы үчүн жарыяланган "КОШ ЖЫЛДЫЗ" кароо-сынагына катышып, коюлган талаптарды так аткарып, өзүнүн чеберчилигин жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн, БАШ БАЙГЕНИ жеңип алды. Сыймыкка мындан ары да көптөгөн бийиктиктерди багындырышына тилектешпиз.

2022-ж. 1-ноябррь, Ош шаары. ИПКнын окутуучүлары "Мектепке чейинки билим берүү" адистигинде көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча регионалдык семинарга катышты. Семинарга Орто Азиядагы мамлекеттер (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан) жана Грузия, Молдовия, Монголия, Италия, Эстония, АКШдан адистер оф-лайн жана он-лайн форматта пикир алышып, көп тилдүү билим берүүнүн жетишкендиктери жана келечектеги аткарылуучу ишчаралар жөнүндө сүйлөшүштү

2022-жылдын 20-октябрында ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде КРнын ББИМ тарабынан бекитилген "Окуу жайлардагы көп тилдүү билим берүү" программасы боюнча долбоорго кирген 5 окуу жайдын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кыргызстандын Сорос фондунун "Билим берүүнү реформалоо" программасынын директору В.Дейчман, ресурстук борбордун координатору М.Иминова, КРдагы окуу жайларда "Көп тилдүү билим берүү" программасынын координатору В.Булатовалар катышып, окутуучулар менен бирге көп тилдүү билим берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу пикир алмашуу жүрдү. Аталган программада катышып жаткан окуу жайлар төмөнкүлөр болду: ОшМУнун педагогика жана психология факультети, идустриалдык-педагогикалык колледжи,, КУМУнун педагогикалык факультети жана профессионалдык колледжи, Кызыл-Кыя педагогикалык колледжи. Долбоорго катышкан окуу жайлардагы "Мектепке чейинки билим берүү" жана "Башталгыч класстарда окутуу" программалары тандалып алынган көп тилдүү билим берүүнү ишке ашыруунун алгачкы кадамдары аныкталып, студенттердин тил билүү көндүмдөрүнө мониторинг жүргүзүлгөн. Бүл жолугушууда мониторингдин жыйынтыгы, эксперименталдык окуу пландарды бекитүү, окутуучулардын көп тилдүү билим берүү боюнча кесиптик компетенттүүлүгүн өркүндөтүү маселелери талкууланды. Окуу жайлардын жетекчилери программаны ишке ашыруудагы академиялык мобилдүүлүктүн жана кызматташуунун өзгөчө маанилүү экендигин белгилешти


Индустриалдык педагогикалык колледжи 29- август күнү Педагогикалык психологиялык дисциплиналар циклынын жамаатында алгачкы отуруму болуп өттү . Цикл башчы Дейдиева Фарида Насировна жаны окуу жылы менен куттуктады. Бул жыйында циклда эмгектенип жаткан кызматкерлерге коомдук тапшырмалар берилди . Аны аткаруунун тартиби жана эрежелери айтылды. Ошону менен бирге мугалимдерге студенттер сабактарды кандай тандоо керек экендиги боюнча түшүнүк берилди.

В индустриально педагогическом колледже 1-октября ко всемирному дню пожилых людей была организована праздничное мероприятие. На праздник были приглашены уважаемые гости такие как Абдураимова Зарипа Самашевна, Умурбекова Токтайым Акаевна, Гапарова Айжамал Эргешовна, Орозбаев Жумабай Масирович. Для гостей было организовано чаепитие и приятные подарки. Мероприятие прошло на высшем уровне а хорошее настроение и приятная обстановка стала бонусом для праздника. Индустриалдык педагогикалык колледжинде педагогикалык жана психологиялык дисциплиналар циклы тарабынан уюштурулган 1- октярда карыялар күнүнө карата “Өмүрү өрнөк инсандар” атту майрамдык кече болуп өттү. Бул кеченин ардактуу коноктору болуп, Абдураимова Зарипа Самашевна,Умурбекова Токтайым Акаевна ,Гапарова Айжамал Эргешовна,Орозбаев Жумабай Масирович чакырылды.Кечеде конокторго атайын арналган чай үстүндө маек курулуп белектер тартууланды.

ИПК нын педагогикалык психологиялык дисциплиналар циклынын окутуучулары децент Абдурайымова Зарипа "Мугалимдин кеби жана анын педагогикалык процессиндеги орду" деген темадагы семинар дидактикалык- методикалык мастер класстары жаш окутуучуларга кесиптик тажрыйба арттыруу максатында өткөрүлдү.

Психология предмети боюнча 1- курстун студенттерине конок лекция өтүлдү. Бул конок лекцияны 22- сентябрь күнү Мурзаев Маматали Султанович И.Арабаев атындагы КМУ окуу жайынан келип “Инсан жана иш аракет” деген темада лекция өттү. Лекция студенттер үчүн абдан кызыктуу жана маанилүү болду.Студенттер суроолорду берип кызуу талкуу болуп өттү. 22-сентября была проведена лекция с участием специального гостя Мурзаева Маматали Султановича приглашенный с КМУ им. И.Арабаева. Лекция была проведена для первых курсов по предмету психологии на тему “Инсан жана иш аракет”. Суденты задавали интересующие их вопросы и проводили интересное обсуждение.

2023-жылдын 27-февралында Индустриалдык Педагогикалык колледжине бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы колледжинин окутуучулары 1. Калыкова Таалайкүл Калыковна И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары, Башталгыч класстарга Эне тилди окутуунун методикасы 2. Бейшеева Кымбат Кыдыковна "Чет тилдер жана мектепке чейинки билим берүү" бөлүмүнүн башчысы Англис тили мугалими 3. Жаныбекова Гүлшайыр Жаныбековна "Мектепке чейинки билим берүү" адистигинин мугалими 4. Азамат кызы Махабат Биология, Возрастная анатомия физиология, БЖД мугалими академиялык мобилдуулук боюнча келишти. Окутуучулар мектепке чейинки жана башталгыч билим беруу адистиктеринде тиешелуу болгон сабактарды отушот. Мобилдуулук боюнча келген коллектив бир жума аралыгында тажрыйюа алмашуу максатында келди. Бишкектен келген конокторду ИПКнын директору Шаимкулов ОБ окуу болуму боюнча орун басарлары Кутпидин уулу Эгемназар, болум башчылары Умурбекова Т.А,цикл башчылары Дейдиева Ф.Н. Ызабековалартосуп алышты. Алгачкы жолугушууда МЧББ, англис тилин окутуу дэгеле колледждеги окуу пландар, ОМК жана сабактарды отуу боюнча пикир алмашышты.

ОшТУ нун ТЛП кафедрасынын доценти, КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, дизайнер Молдошова Аида Буркановна ДО9-1-21, ДО-1-22 тайпаларына "Адамдын фигурасын сүрөттөө" деген темада конок лекциясын жогорку денгээлде өттү. Эжекеге чоң ыраазычылык билдирүү менен чыгармачылык ийгилик каалайбыз.