2026-11-18 07:45:25 3
2026-жылдын 13-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде ПОВТАС адистигинин бүтүрүүчү курсунун студенттери үчүн өндүрүштүк практикага багытталган конференция өткөрүлдү. Конференциянын негизги максаты — студенттерди өндүрүштүк практиканын максаты, милдеттери, өтүү тартиби жана талаптары менен тааныштыруу, ошондой эле теориялык билимдерин практика жүзүндө колдонууга багыт берүү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге өндүрүштүк практиканын программасы, аткарыла турган тапшырмалар, практикалык күндөлүктү толтуруу, отчет даярдоо, мекеме-ишканалардагы электр жабдуулары, компьютердик техника жана тармактык системалар менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча атайын нускама өткөрүлдү жана эмгек тартибин сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле студенттерге кесиптик билимдерин тереңдетүү, программалоо жана маалыматтык технологиялар багытындагы практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү, иш мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышуу жана кесиптик тажрыйба топтоо боюнча сунуштар айтылды. Конференциянын жыйынтыгында студенттерге өндүрүштүк практиканы жоопкерчилик менен өтүү, алган теориялык билимдерин иш жүзүндө колдонуу жана келечектеги кесибине керектүү тажрыйбаларды өздөштүрүү боюнча багыттар берилди.